Биз социалдык тармакта

Дагы эки жаран Жогорку Кеңешке шайлоого катышуудан баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышуудан дагы эки жаран баш тартканын билдирди. Ага ылайык, алардын арыздары кечээ, 5-ноябрда БШКнын жыйынында каралган.

Шайлоого катышуудан баш тартуу арыздарын төмөнкү жарандар беришкен:

  • №24 шайлоо округу боюнча талапкер Парманкулов Замирбек Култаевич,
  • №25 шайлоо округу боюнча талапкер Керимбаев Азим Белекович.

БШК жогоруда аталган жарандардын арызын эске алып, № 25 шайлоо округу боюнча талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Керимбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Алгожоевдин, каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Абдылдаевдин каттоолорун жокко чыгарды.

Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан