Биз социалдык тармакта

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жаңы жетекчи келди

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп Азенбек Козукеев дайындалды. Бул тууралуу министрликтен бүгүн, 6-ноябрда билдиришти.
Козукеев буга чейин Талас облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеп, ички иштер органдарында көп жылдык тажрыйба топтогон.
Жаңы жетекчиге жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, жол-транспорт кырсыктарын азайтуу жана «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында техникалык жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматта милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков иштеп келген. Ал 4-ноябрда кызматынан бошотулган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан