Бүгүн, 6-ноябрда, Өзбекстандын ачык хоккей чемпионатынын биринчи сезону старт алды. Алгачкы оюн “Бишкек Арена” муз сарайында өтүп, анда Кыргызстандын “Учур” жана Өзбекстандын “Хумо” командалары беттешет. Оюндун башталышы — саат 20:30да башталарын уюштуруучулар билдирди.
Маалым болгондой, мелдешке жалпы беш команда катышууда. Үч команда Өзбекстандан, экөө Кыргызстандан.
Чемпионаттын алгачкы төрт оюну Бишкекте өтөт.