Биз социалдык тармакта

Кында ашуусу жазга чейин жабылды

Ат-Башы–Кында–Торугарт автожолунун 65-73-чакырымындагы Кында ашуусу 1-апрелге чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.
Ашуу ушул жылдын 6-ноябрынан 2026-жылдын 1-апрелине чейин жабык болот.
Ал эми жакынкы күндөрү Калмак-Ашуу ашуусун жабуу пландалууда.
Буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Буура жана Сары-Кыр ашуусу жазга чейин жабылган. Чаткал жана Сузак райондорунун акимдеринин буйругуна ылайык, аймакты караган жол тейлөө ишканалары тарабынан тиешелүү жерлерге каттамдардын жабылгандыгын көрсөткөн жол белгилери орнотулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан