Биз социалдык тармакта

Ташиев президенттин турукташтыруу фондуна акча кайдан түшөрүн ачыктады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамсыз тонолгон мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруудан түшкөн акча каражаттары президенттин турукташтыруу фондуна топтолорун айтты.

"Тонолуп кеткен мүлктөрдү кайтаруу менин жеке көзөмөлүмдө ишке ашырылып жатат. Президентибиз "талап-тоноо көп болуп кеткен болсо, ушуларды кайра чогулталы да, анан чогулган акчалардын бардыгын турукташтыруу фондуна өткөрөлү" деп айтты.

Мына, ушунун негизинде турукташтыруу фондунан быйылкы жылы эле 50 миллиард сомдон ашык акча район, шаарларыбызга жумшалып жатат", - деди ал бүгүн, 6-ноябрда Балыкчы шаарына жасаган иш сапарында.

Ташиев фонддогу акчалар президенттин жеке буйругу менен гана жумшаларын кошумчалады.

Ташиев президенттин турукташтыруу фондуна акча кайдан түшөрүн ачыктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан