Биз социалдык тармакта

Чүйдө малды уурдаган шектүү кармалды. Милиция башка жабыркагандарды издеп жатат

Чүй облусунда милиция 17 баш малды алдоо жолу менен сатып жиберүүгө шектелген 1988-жылы туулган И.А. аттуу жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда облустук милициядан билдиришти.

Ал 7–19-январь аралыгында жабырлануучу Т.Ч.нын ишенимин колдонуп, анын малын уруксатысыз сатып жиберген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөдө шектүүнүн башка окшош кылмыштарга да тиешеси болушу мүмкүн экени аныкталып, милиция андан жабыркагандарды байланышууга чакырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан