Борбордук шайлоо комиссиясы 6-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн сегиз жарандын жана депутаттыкка катталган талапкердин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарды төмөнкү жарандар беришкен:
- Нурбаев Бакытбек Токтосунович, №5 шайлоо округу;
- Жаналиев Кенжебек Бектурович, №17 шайлоо округу;
- Сапаров Жакшылык Каракойчиевич, №29 шайлоо округу;
- Умарова Жылдыз Жалалбековна, №15 шайлоо округу;
- Чолдоев Жалил Калыйжанович, №17 шайлоо округу;
- Сабыржан уулу Самарбек, №8 шайлоо округу;
- Мамытов Талант Токтобекович, №22 шайлоо округу;
- Жоомартова Мадина Аскарбековна, №27 шайлоо округу;
- Султанов Токтосун Султанович, №23 шайлоо округу.
БШК жогоруда аталган жарандардын арыздарын эске алып, №23 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болуп катталган Токтосун Султановдун жана анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосун жокко чыгарды. Ошондой эле Сабыржан уулу Самарбек менен Мамытов Талант Токтобековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды.
Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына
белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.