"Бешкемпир" тасмасы Азия өлкөлөрүнүн ичинен мыкты 100 тасманын катарында кирди. Бул тууралуу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Альбина Имашова билдирди.
Ошондой эле ал аталган кинонун режиссёру Актан Арым Кубатка өзүнүн ыраазычылыгын билдирип өттү.
"Бала чагымдын сонун көз ирмемдери ушул тасмада. Менин чыгармачылыкка, искусствого, маданиятка, театрга, киного алгачкы кадамым.
Албетте, менин тунгуч режиссёрум Актан Арым Кубат агама терең ыраазычылык билдирем. Ар дайым мени искусствого, кино дүйнөсүнө алып келген алгачкы инсан экениңизди айтып келем. Сизди кино индустриясынын могиканы катары билем", - деп билдирүү калтырган Имашова.