Балыкчы шаарында “Зордук-зомбулукка жол жок” аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ал Балыкчы ШИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электер менен иштөө аймактык тескөөчүлөрү жана үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү тарабынан өткөрүлдү. Ага Балыкчы шаарындагы спорт ордосунда машыгып жаткан өспүрүмдөр жана машыктыруучулары катышты.
Иш-чарда өспүрүмдөр арасындагы мыйзам бузуулардын алдын алуу, спорттогу жетишкендиктер пайдалуу нукка жумшалышы жана ата-эне, мугалимдер дагы өспүрүмдөрдү көзөмөлгө алуунун зарылдыгы жөнүндө айтылды.