8-9-ноябрь күндөрү Бишкектеги Фучик көчөсү, Жибек Жолу проспектиси жана Профсоюз көчөсүнүн кесилиштери убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, көчөлөрдү жабуу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болууда.
Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды бул убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.