Токмоктун мурдагы мэрине сот өкүмү чыкты

Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусубалиев 13 жылга эркиндигинен ажыратылды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, өкүмдү кечээ, 6-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган. Анда Нусубалиев Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөө укугунан ажыратылган. Эми ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөмөкчү.

Эске салсак, 24-июнда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Токмок шаарында жыйын өткөрүп, жыйын учурунда шаар мэри Максат Нусубалиев кармалганы маалым болгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан