Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаров кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар деп шектелүүдө. Учурда тергөө иштери уланууда.
Буга чейин Тайчабаров Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн БШКга арыз жазган. Кийинчерээк социалдык тармактарда анын маркум кримтөбөл
Камчы Көлбаев менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган. Мындан улам БШК Тайчабаровду талапкер катары каттоодон
баш тарткан.
Тайчабаров БШКнын чечимине макул эместигин билдирип, бийликти сынга алган.