Кыргызстандык спортчулар VI Ислам шериктештиги оюндарына 19 спорт түрүнөн катышат

Кечээ, 7-ноябрда Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында VI Ислам шериктештиги оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чара катышуучу өлкөлөрдүн делегацияларынын салтанаттуу параддык жүрүшү менен коштолду. Аталган оюндарга Кыргызстандын атынан 89 спортчу, 35 машыктыруучу жана команда мүчөлөрү катышат.
Агенттик кыргызстандык спортчулар жалпы 19 спорт түрү боюнча күч сынашарын белгилеп, оюндар 21-ноябрга чейин уланарын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан