Иракта кармалган сулуулук салондорунун биринде эмгектенген 37 жаштагы кыргыз жаранын өлкөгө кайтаруу маселеси каралууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Министрлик өлкөнүн Кувейттеги Элчилиги тиешелүү тараптар жана кармалган жарандын туугандары менен тыгыз байланышта экенин белгиледи.
ТИМ аталган маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө экенин кошумчалап, кыргыз жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча сунуштарды кароодо мүмкүн болушунча этият болууга чакырды.