Бишкекте өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде 2 кыргыз спортчусу ийгилик жаратты

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Бишкекте өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө чемпиондугунун биринчи күнү жыйынтыкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Бекболот Токтогонов алтын утса, Акак Үсөн кызы коло байге жеңген. Токтогонов +98 килограмм салмак ченинде күч сынашса, Үсөн кызы күжүрмөн самбо боюнча кыз-келиндер арасында 54 килограмм салмак категориясында катышкан.

Белгилей кетсек, кечээ, 7-ноябрда аталган Дүйнө биринчилигинин ачылышы Бишкек Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан