Биз социалдык тармакта

Рацека чокусунда калган орусиялык альпинистке жардам көрсөтүлдү

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайындагы Хижина Рацека чокусунда бутун кокустатып алган орусиялык альпинистке жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМге кечээ, 8-ноябрда билдирүү түшөрү менен жерине 4 куткаруучу жөнөтүлгөн. Алар алгач 29 жаштагы альпинистке медициналык жардам көрсөтүшүп, саат 22:00дө аны Шаркыратма тилкесине алып түшүшкөн.
Саат 23:50дө куткаруучулар орусиялыкты Рацека лагеринен түшүрүп, Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришкен.
Рацека чокусунда калган орусиялык альпинистке жардам көрсөтүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан