
Бишкекте документтери жок телефондор жана башка түзүлүштөр сакталган кампа аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ал жайды текшерүүдө 487 даана телефон, 1929 куту зымсыз гарнитура, 408 даана зым жана кабелдер, 9 даана планшет табылган. Алынган товарларга тиешелүү актылар түзүлдү.
Салык кызматы учурда товарлардын келип чыгышын аныктоо боюнча иш жүрүп жатканын белгиледи. Тагыраагы, өлкө аймагына мыйзамсыз импорттоонун белгилери бар же жок экендиги текшерилүүдө.