VI Ислам шериктештиги оюндарында 2 кыргыз кызы күмүш утту

Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндарында дзюдо боюнча кыз-келиндер арасында 2 кыргызстандык спортчу күмүш байге тагынышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Күмүштү 57 килограмм салмак ченинде катышкан Жанар Жолдошева менен 63 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Адина Көчкөнбаева утту.

VI Ислам шериктештиги оюндарынын ачылышы 2 күн мурун, тагыраагы, 7-ноябрда болгон. Кыргызстандын атынан 89 спортчу спорттун 19 түрүнөн катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан