Токмок шаарындагы ооруканада чыр салган 32 жаштагы киши камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бир апта мурун, тагыраагы, 2-ноябрда милицияга дарыгерлерди сөгүп, алардын бирине кол көтөрүп, оорукананын терезесин сындырган жаран тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал эми соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен анын айткандары улут аралык кастыкты козуткан мүнөздө экени аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголуп, ал 2 айга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Эске салсак, аны Токмок шаарындагы ооруканага жол тескөөчүлөр алкоголдук ичимдиктерин ичкенин аныктоо үчүн текшерүүгө алып келишкен.