Пара-триатлон боюнча Дүйнө кубогунда кыргызстандык спортчулар алтын медаль утушту (фото)

8-ноябрда Чилиде пара-триатлон боюнча Дүйнө кубогу болуп өттү. Кыргызстандын курама командасы жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

PTVI Women (көзү азиз спортчу аялдар) категориясында Гүлназ Жузбаева (коштоочусу Оксана Рыбакова) биринчи орунду камсыздады. Аталган жеңиш дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы ондугуна кирип, кыргыз триатлонунун тарыхында алгачкы ийгилик болду.

PTVI Men (көзү азиз спортчу эркектер) категориясында Жалалдин Абдувалиев (коштоочусу Иван Сушков) төртүнчү орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан