Кудрет Тайчабаров 30-декабрга чейин камакка алынды

Кудрет Тайчабаров 30-декабрга чейин камакка алынды. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук соту тастыктады.

Райондук сот мындай чечимди 2 күн мурун, тагыраагы, 8-ноябрда кабыл алган. Анда ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылганы айтылат.

Айта кетсек, Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар болгон делип кармалган. Тайчабаров кармалганга чейин Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн БШКга арыз жазган. Кийинчерээк социалдык тармактарда анын маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган. Мындан улам БШК Тайчабаровду талапкер катары каттоодон баш тарткан.

Тайчабаров БШКнын чечимине макул эместигин билдирип, бийликти сынга алган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков анын кармалышы боюнча билдирүү жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан