Бишкекте 51 миң орундуу стадиондун курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасында бөлүштү.
"Бул локация – эл аралык иш-чаралардын, спорт менен маданияттын ордосу болот", - деп жазды ал.
Эске салсак, 14-октябрда президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев 51 миң орундуу жаңы стадион расмий "Азаттык Арена" деп аталарын билдирген.
“Курулуп жаткан объектилердин аталышын урматтуу президентибиз менен талкуулап кеңешкенден кийин чечтик”, - деп кошумчалады ал өз билдирүүсүндө.