Тоңдо ак топоздордун саны 300дөн ашты 

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунда ак топоздордун саны 300 баштан ашты. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, фермерлер ак топоздорду эт багытында союшпайт. Аталган жаныбарлар жыл сайын көбөйтүлүп, тукумун сактоо жана жакшыртуу иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.

"Фермерлердин арасынан өзгөчө айырмаланып келген малчы он жылдан бери ак топоз багуу менен алектенип, бул тармакты өнүктүрүүгө чоң салым кошуп келет. Анын чарбасында азыр ондогон баш ак топоз багылып, тукумду жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Эмгеги жана жараткан жетишкендиктери үчүн учурда фермер министрлик тарабынан топоздун жаңы түрү – "Таштанбектин ак топозу” деген наамды алуу алдында турат", - деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле министрлик адистер тарабынан фермерлерге багуу технологиялары, жем-чөп базасын жакшыртуу жана асыл тукум багытындагы иштер боюнча методикалык жардамдар көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан