
Бүгүн, 10-ноябрда Ош шаарынын Эне-Сай конушунда ички жолдорго асфальт төшөө иштери башталды. Асфальттала турган жолдун узундугу 600 метрди, ал эми кеңдиги 6 метрди түзө тургандыгын мэриянын маалымат борбору билдирди.
Мэр Жеңишбек Токторбаевдин көзөмөлүндө учурда конуш аймагында курулуш жана оңдоп-түзөө иштери кеңири масштабда жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, электр мамычаларын жана жол жээгин жарыктандыруу системин орнотуу иштери да активдүү түрдө аткарылып жатат.