Казыбек Молдажиев сурдлимпиадага катыша турган кыргыз спортчулары менен жолукту

Бүгүн, 10-ноябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Токиодо өтө турган XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарына катыша турган кыргыз спортчулар менен жолугушту. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Молдажиев Кыргызстандын курама командасынын капитаны Ажимукан Мидин уулуна мамлекеттик тууну тапшырды.

Быйылкы сурдлимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 19 спортчу катышып, алар эркин жана грек-рим күрөшү, таэквондо, дзюдо жана стол тенниси боюнча күч сынашат. Ири эл аралык мелдешке дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн 3000ден ашык спортчу катышары күтүлүүдө. Мелдештер 15–26-ноябрь күндөрү өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан