VI Ислам шериктештиги оюндарында кыргыз мушкери күмүш медаль утту
Сауд Арабия Падышалыгында өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндарынын алкагында бокс боюнча мелдеште Нурадин Рустамбек уулу күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчумелдешке70 килограмм салмак категориясында катышты.
Финалдык беттеште кыргыз мушкери Иордания мамлекетинин мушкери Зейяд Ишаиш менен беттешти.
Автор: Айжанар Рыспек кызыФото: Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги