Бишкекте түнкү клубга киргизбей койгону үчүн официантты таш менен башка урганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 9-ноябрда түнкү клубдардын биринин жанында болгон. Клубга кире албай калган жаштар кызматкерлер менен жаңжалдашып, алардын бири официантты таш менен башка уруп, качып кеткен. Жаңжал болгон жерге дароо райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барган.
Ал эми 24 жаштагы жабырлануучу мээси чайкалып, "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө официантты урганга шектүү 22 жаштагы жигит кармалып, камакка алынган.