Биз социалдык тармакта

Телефон карап алып айдап... Бишкекте автобустун айдоочусуна чара көрүлдү

Бишкекте жүргүнчүлөрдүн эскертүүсүнө карабай автобусту телефон карап алып айдаган айдоочуга чара көрүлдү. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы кабарлады.

Кайгуул кызматы айдоочунун мындай аракети жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратканын жана жол кыймылынын эрежелерин бузуу болгонун белгиледи.

Факт боюнча текшерүү жүргүзүлүп, айдоочуга карата тиешелүү укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн жана профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Буга чейин социалдык тармактарда коомдук транспорт айдоочусунун телефон карап бара жатканы жана ошол эле учурда жүргүнчүлөр менен урушуп жатканы тартылган видео тараган.

Бишкекте жүргүнчүлөр менен урушкан автобустун айдоочусуна чара көрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан