"Слово пацана" сериалынын жылдызы, орусиялык актёр Рузил Минекаев (Марат) кыргыз-казак бергелешип тарткан "Чёрный двор" аттуу тасмага тартылып жатат. Бул тууралуу тасманы тартып жаткан 1.1STUDIO кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган тасма кыргызстандык 1.1STUDIO менен казакстандык Salem Entertainment продакшндарынын биргелешкен долбоору. "Чёрный двор" тасмасы достук, берилгендик жана бир туугандар ортосундагы мамиле темаларын камтыйт. Тасманын режиссёру кыргызстандык актёр жана режиссёр Данияр Болотбеков.
Буга чейин социалдык тармактарда Минекаевдин Бишкектеги сүрөттөрү тараган. Анда социалдык тармактын колдонуучулар актёр эмне үчүн борборго келгенине кызыгышкан.