Акжол Махмудов "Поддубный күрөш лигасынын" турниринде биринчи жолу жеңилүүгө учурады.
8-ноябрда кыргызстандык спортчу Москвада өткөн онунчу PWL турнирине катышты. 82 килограмм салмактагылар арасында ал болгариялык Айк Мнацаканян менен беттешти.
Алты мүнөттүк күрөштөн кийин болгариялык спортчу 3:2 эсебинде жеңишке жетти.
Бул Махмудовдун PWL'деги биринчи жеңилүүсү болду. Ал буга чейин орусиялык Роман Власовду жана франциялык Ибрагим Ганемди жеңген.