Социалдык тармактарда Канадада футболчулардын оюн учурундагы видеосу көпчүлүктү суктандырды.
Лиганын чечүүчү беттешинде "Атлетико Оттава" клубунун оюнчусу Дэвид Родригес калың кар жаап жатканына карабастан, сокку жасап, гол киргизген. Бул гол менен клуб Лиганын чемпиону болгон.
Мексикалык Родригес үчүн бул тарыхый дубль жана анын Канададагы биринчи оюну болду.