Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-ноябрда Казакстандын Астана шаарына жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынына катышат.
Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жетекчилиги алдында тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлөт.
Отурумдарда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана кызматташуунун актуалдуу маселелери каралып, чечимдер кабыл алынат.