Бишкек ШИИББи: Адвокат Икрамидин Айткуловдун сабалышы боюнча кылмыш иши уланууда

Адвокат Икрамидин Айткуловдун белгисиз адамдар тарабынан сабалышы боюнча кылмыш иши токтотулган жок. Азыркы тапта ага кошумча мөөнөт берилип, тергөө 1 айга узартылды. Бул тууралуу 20-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш боюнча жабырлануучу шектеп жаткандардын баары сурак беришкен. Адвокаттын ден соолугуна оор зыян келтирилгендиктен, кайрадан соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, Икрамидин Айткулов өзүнүн сабалганы боюнча козголгон кылмыш иши токтотулганын 13-январда айтып чыккан. Ал ИИМ, Бишкек ШИИББи кол салууну өз көзөмөлүбүзгө алабыз деген сөздөрүнө турбай, кылмыш ишин Свердлов РИИБинин жаш тергөөчүсү карагандыгын билдирген эле. 
Эске салсак, 13-ноябрь күнү кечинде Икрамидин Айткуловду сабап кетишкен. Адвокаттын буту, тиштери сынганы, акчасы уурдалганы айтылып, шаардагы №4-ооруканага жаткырылган. 
И.Айткулов 2012-2013-жылдары сотто Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Камчыбек Ташиевге жактоочулук кылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан