Ташиев Кыргызстан менен Бахрейндин жаш футболчуларынын беттешине күбө болду (сүрөттөр)

Кыргызстандын 23 жашка чейинки футболчулардан куралган жаштар курама командасы "Манас кубогундагы" алгачкы оюнунда жеңишке жетишти. Турнир бүгүн, 12-ноябрда Манас шаарында башталып, ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышканын мекемеден билдиришти.

Бул беттешке жалпы төрт өлкөнүн командалары катышууда. Буга чейин Орусия менен Иран кез келип, эсеп саны 2:0 менен бүткөн. Ал эми Кыргызстан Бахрейнди 2:1 эсебинде жеңди.

Экинчи турдун оюнунда Кыргызстандын жаштар командасы 15-ноябрда Иран менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан