Кечээ, 12-ноябрда Манас шаарында өткөн "MANAS CUP" турниринин биринчи беттешинде Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы Бахрейндин командасын жеңип алды.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке Кыргызстандын атынан 23 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы олимпиадалык курама команданын оюнчулары катышкан. Курама команда Бахрейнди 2:1 эсебинде жеңип алган.
Турнирге Кыргызстан, Орусия, Иран жана Бахрейндин командалары катышууда. Бардык беттештер Манас шаарындагы "Курманбек" стадионунда өтөт.
Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы 15-ноябрда Иран, 18-ноябрда Орусия менен беттешет.