Биз социалдык тармакта

Жакшы сүйлөй албай калышы мүмкүн... Тилинен жаракат алган жигиттин абалы тууралуу айтылды

Манас шаарында кыз тарабынан тилинен жабыркаган жигиттин абалы туруктуу экени айтылды.

Дарыгерлердин айтымында, кыз жигиттин тилинин төрттөн бирин жана төмөнкү эриндин бир бөлүгүн тиштеп алган. Учурда бейтап суюк тамак ичип жатат, жакынкы күндөрү ага пластикалык операция жасала турганы маалымдалды. Ошондой эле дарыгерлер ал жакшы сүйлөй албай калышы мүмкүн экенин айтышты.

Эске салсак, 8-ноябрда Манас шаарында астынкы илеби менен тилинин бир бөлүгү жок абалда 26 жаштагы жигиттин ооруканага кайрылганы айтылган. Жабыркаган жаран 2006-жылы туулган А.Ж. аттуу кыз менен сүйлөшүп жүргөнү жана алар досунун тоюна чогуу барып спирт ичимдигин ичишкени аныкталган. Алар өбүшүп жатып кыз жигитинин тилин жана илебинин ылдыйкы тарабын тиштеп үзүп алган.

Бейтаптын тилинин болжол менен 30 пайызы, ал эми ылдыйкы эриндин 40 пайызы үзүлүп кеткени, жабыркаган жерлер ийгиликтүү тигилгени кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан