Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелип "Brand house" курулуш компаниясынын башкы директору кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 25-июнунда "И." турак жай комплексинин үлүшчүлөрү тарабынан башкы прокурорго жамааттык кайрылуу келип түшкөн. Алар өз арыздарында Бишкек шаарынын Куйручук көчөсүндө жайгашкан курулуш объектинин жетекчилерине, тактап айтканда "Хан-Строй" ЖЧКсынын башкы директору Э.Н. жана башка адамдарга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан.
" 2021-2024-жылдардын аралыгында Бишкек шаарынын мамлекеттик архитектурасынан уруксат берүүчү документтери болбосо да, үлүшчүлөрдөн ири өлчөмдөгү акча каражаттарын чогултуп, бирок үйдү бүтүрүп беришкен эмес. Чогултулган акча каражаттарын максатсыз пайдаланган",- деп жазылган маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катарында 1987-жылы туулган Э.Н. кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.