Бишкек шаарында интимдик кызмат көрсөтүүчү жай катары иштетилип келген караоке жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жайдын ээси Ж.И. аттуу чет элдик жаран экени жана ал конокторуна кыздарды сунуштап, мыйзамсыз киреше таап жүргөнү аныкталган.
"Тинтүү учурунда баңгизатына окшогон заттар жана өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаты алынган",- деп билдирет УКМК.
Учурда чет элдик жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.