Талас облусунун Манас районундагы жол кырсыгы боюнча тергөө иштери жана тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 20-январда ИИМдин
басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин 15-январда Кербен–Май–Талас унаа
жолундагы жол кырсыгынан мектеп окуучулары жаракат алганы айтылган. Саат 17:30дар
чамасында 35 жаштагы Манас районунун тургуну К.У. Мерседес-Бенц 230 унаасын
айдап бара жатып рулду башкара албай калган. Жолдон чыгып кеткен унаа мектеп
окуучуларын сүзгөн. Текшерүүдө айдоочунун мас абалында болгону аныкталган.
Кырсыктын
кесепетинен 13 жаштагы 4 мектеп окуучусу ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген. Жабыр тарткандардын ата-энелери
жергиликтүү РИИБине арыз менен кайрыла элек. Азыркы тапта окуя боюнча кылмыш
ишин ачуу каралууда.