Биз социалдык тармакта

Чүйдө талапкер шайлоо алдында көк бөрүчүлөргө тай казан сатып бергени аныкталды (видео)

Чүйдө шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы аныкталгандыгын облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан талапкер Б.Б. өзүнүн штаб башчысы М.З. аркылуу көк бөрү оюнунда колдонулуучу спорттук жабдуусун сатып алуу үчүн 800 миң сом бөлүп, жеке ишкер Н.Р.ге жабдууну даярдоону тапшырган. Жабдуу даярдалып, Сосновка айылына жеткирип, жергиликтүү жаштарга пайдаланууга берилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Талапкер жана окуяга тиешеси бар адамдар тергөө органдарына жеткирилген, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча окуяга мыйзам чегинде баа берилет жана тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.
13-ноябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык, аталган талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө Чүй ОИИББинин өтүнүчү канааттандырылды.
Чүйдө талапкер көк бөрүчүлөргө тай казан сатып бергени аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан