АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына чүчү кулак 12-февралда ташталат

АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына чүчү кулак 12-февралда ташталат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, анда мелдешке катыша турган 8 команда төрт-төрттөн 2 тайпага бөлүнөт. Мелдештин финалдык баскычына Мальдив аралдарынын курама командасы, Түркмөнстан, Ооганстан, Мьянма, Палестина, Филиппин, Лаос жана Кыргызстан курама командалары катышат.  

Эске салсак, мелдеш 19-30-май аралыгында өтөт. Мелдештин жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтүүчү Азия чемпиондугуна катышат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jugorsk
2014-01-20 15:21:24
оо бизде шанс бар экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан