Кечээ, 19-январда 17 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасы “Өнүктүрүү кубогу” Эл аралык мелдешинде алгачкы оюнун өткөрүп, 1:0 эсебинде жеңилди. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 5-ирет уюшулуп жаткан мелдеш алкагында кыргызстандык футболчулар Литва курама командасы менен кез келип, 1:0 эсебинде жеңилүүгө мажбур болушту.
Эске салсак, Минск шаарында өтүп жаткан мелдеш 26-январга чейин созулат. “А” тайпасында кыргызстандык футболчулар эми Украина менен оюн өткөрөт.