Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Анда элчинин кызматтан кетиши дипломатиялык кызматынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу экендиги маалымдалды.