Белгилүү ырчы Зарлык Камбаралиев дуэт ырдап жүргөн ырчы айым Айганыш Абдиева менен кол кармашып, турмуш жолуна аттанганын билдирди. Ал социалдык баракчасынан бул жаңылык менен бөлүшүп, сүйүктүүсүнө ыр саптарын арнады.
"Сенсиң жаным менин, күнүм, айым,
Сен үчүн мен баарына чыдайм.
Кыялыңдын баарын орундайм,
Сени жиберген мага Кудайым", - деп билдирди Зарлык Камбаралиев.
Айта кетсек, буга чейин Айганыш Абдиева турмушка чыкканын билдирип, бирок жолдошу ким экендигин ачыктаган эмес.