Биз социалдык тармакта

Бишкекте өспүрүмдөргө көзөмөлсүз шарт түзгөн “Антикино” жайлары аныкталды (видео)

Бишкекте “Антикино” деп аталган бир катар мекемелер кино көрсөтүү шылтоосу менен ыплас аракеттерге шарт түзүп бергендиги аныкталды. Айрым жайларда жаш курак такыр текшерилбей, чоңдорго гана арналган интимдик кинолор көрсөтүлүп жатканын милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү маалында 20дан ашык мындай объект табылды. Ал жерге барган өспүрүмдөр да аныкталды. Тинтүүлөрдүн жүрүшүндө интимдик каражаттар, 1 пневматикалык тапанча жана 2 страйкболдук автоматтар алынды.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

Милиция мындай жагдайдагы текшерүүлөр дем алыш күндөрү да улантыларын кошумчалады.

Бишкекте өспүрүмдөргө көзөмөлсүз шарт түзгөн “Антикино” жайлары аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан