Биз социалдык тармакта

Бишкекте жол кырсыгына учурап, эки жолу качууга аракет кылган мас айдоочу кармалды 

Бишкекте мас абалдагы айдоочу жол кырсыкка учурап, эки жолу качууга аракет кылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда ИИМдин Жол-кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 18-январда саат 17:00 чамасында Манас-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Фольксваген Гольф жана Лексус RX-300 үлгүлөрүндөгү унаалар кагышкан. Биринчи унаанын айдоочусу мас абалда экен. Жол-кайгуул кызматчылары келгенде ал паспортун таштап, унаасын айдап качып кеткен. Андан соң кырсык болгон жерге 18 жаштагы баланы алып келип, “рулда ушул бала болчу” деп күнөөнү ага оодара салган. Жол-кайгуул кызматкерлери кырсык фактысы боюнча материалдарды толтуруп жатканда мас айдоочу кайра качып кеткен.

Кечээ, 19-январда айдоочунун жашаган жерин аныктап, анын унаасы айып пул төлөөчү жайга токтотулган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан