Биз социалдык тармакта

Милиция кызматкерлерин сөгүп, мас абалында белгиленбеген жерде тамеки чеккен жаран кармалды

Бишкекте мас абалында милиция кызматкерлерине баш ийбей, аларды оозго алгыс сөздөр менен сөккөн жаран кармалды. Окуя 15-ноябрда түнкү саат 2:00 чамасында болгонун милициянын маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган А.И. аттуу жаран Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине(Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, соттун чечими чыкканга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 83-беренесине (Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) ылайык 3 миң сом айып салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан