UFC'нин эң жеңил салмак категориясындагы чемпиону, Кыргызстандын атынан чыккан Валентина Шевченко АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн UFC 322 турниринде мурдагы минималдуу салмактагы чемпион, кытайлык Вэйли Чжанды жеңип алды. Кармаш кеченин башкы окуяларынын бири болду.
Валентина жаңы рекорд коюп, жалпы көрсөткүч боюнча 26 беттеши, 4 жеңилүү ызасы, 1 тең чыгуусу бар.
Эске салсак, кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактагы чемпиондук үчүн UFCнин мурдагы чемпиону орусиялык Ислам Махачев менен австралиялык Жек Делла Маддалена күч сынашат.