Валентина Шевченконун эсебинде эми 11 титулдук жеңиш бар. Бул көрсөткүч UFCнин бир нече салмактык категориясында чемпион болгон Аманда Нуньестин тарыхый рекордун кайталаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, бул көрсөткүч UFC тарыхында аялдар арасында эң мыкты натыйжа болуп эсептелет.
Айта кетсек, Кыргызстанды дүйнө жүзүнө таанытып келе жаткан UFCнин эң жеңил салмактагы 57 килограммга чейинки чемпиону Валентина Шевченко Нью-Йорк шаарында өткөн UFC 322 турниринде промоушендин мурдагы минималдуу салмактагы чемпиону, кытайлык Вэйли Чжанды жеңип алды.