Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы санаторий капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, учурда негизги жумуштары бүтүп, ички бөлүгүндө шыбак иштери жасалып, эшик-терезелери коюлууда. Жалпы аянты 3240 чарчы метрди түзгөн дарылоо жайы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңыланып жатат.
Буга чейин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жерине барып, калыбына келтирүү тапшырмасын берген.